Вопрос задан 07.11.2023 в 20:36. Предмет Кыргыз тили. Спрашивает Рыженкова Эвелина.

Эссе: Кыргыз тилим - улуу тилим Помогите плииз

0 0
Перейти к ответам

Ответы на вопрос

Внимание! Ответы на вопросы дают живые люди. Они могут содержать ошибочную информацию, заблуждения, а также ответы могут быть сгенерированы нейросетями. Будьте внимательны. Если вы уверены, что ответ неверный, нажмите кнопку "Пожаловаться" под ответом.
Отвечает Невская Аполлинария.

Ответ:

Кыргыз тили — кыргыз элинин улуттук тили, улуттук маданиятынын формасы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат. Кыргыз тили теги боюнча түрк тилдеринин системасына кирет да, алтай тили менен бирге чыгыш хун бутагынын кыргыз-кыпчак тобун түзөт.

Адабий тилдин биринчи жана негизги шарты катары анын жазуу жүзүндө берилишин эсептөө керек. Өзүнүн жазуу системасы бар элдерде гана жазма адабий тил өнүгүшү мүмкүн. Кыргыз эли өзүнүн кыйла кылымдык өнүгүү тарыхында ар кайсы жазуу системаларынан пайдаланып келгендигине карабастан, улуттук жазмасына Октябрь революциясынан кийин гана жетишти. Демек, кыргыз жазма адабий тили советтик түзүлүштүн жемиши болуп эсептелет.

Бирок, жазуунун болушу адабий тил үчүн негизги шарт болгон менен, анын бирден бир жеке белгиси да эмес. Кагаз бетине түшүрүлгөн өткөн эстеликтеринин же азыркы «сабатсыз жазылган» жазмалардын бардыгын эле адабий тилдин үлгүсү катары кароого болбойт. Тактап айтканда, революцияга чейинки мезгилдерде эле кыргыз тилинде, негизинен, кол жазма түрүндө калк арасына таралган көбүнчө ыр түрүндөгү чыгармалар (мисалы, Молдо Кылычтын, Тоголок Молдонун, Молдо Нияз ырчынын, Ысак Шайбеков жана башкалардын ырлары, санаттары, казалдары) жаралган.

Ата-бабабыз бизге көөнөрбөс сөз казынасын мурастап берип кетиптир. Аларды окуп үйрөнүү, аң-сезимибизди, тилибизди байытуу биздин милдет. «Өнөр алды кызыл тил»- деп калкыбыз сөз өнөрүн абдан барктаган. Ошон үчүн «Манас» сыяктуу улуу эпосту жаратып кетишкен.

Биз, байыркы кыргыздардын урпактары, аларга миң мертебе рахматыбызды айтып, түбөлүк таазим кылууга милдеттүүбүз.

Кылымдардан кылымга көөнөрбөй жашап келген эл чыгармачылыгы - ошол элдин акыл эсинен, эмгегинен, турмуштук тажрыйбаларынан улам жаралган. Элдик обон-күү, кол өнөрчүлүк сыяктуу өнөрлөр менен бирдикте эзелден бери жашап келе жаткан тил өнөрү да тынымсыз өсүп-өнүгүп олтуруп, ошол элдин руханий дүйнөсүнүн көркөм дөөлөтүнүн деңгээлин аныктай алган, көз тайгылткан мурастарды жарата алды.

Эл тарабынан жаралган лирикалык, эпикалык, дидактикалык чыгармалар замандар бою сакталып, атадан-балага, укумдан-тукумга ыйык керээз катары сакталып келет. Ал мурастар элдин сыймыгы, мактанчы гана болбостон, бүгүнкү күндөгү маданиятыбыздын, адабиятыбыздын өнүгүшү үчүн сүйөнүч болуп берүүгө жарамдуу, бай болуп да келүүдө. Ар бир эл өзү басып өткөн тарыхындагы турмуштук тажрыйбаларынын эң керектүүлөрүн, келечекке үлгү-сабак боло турган пайдалуу байкоолорун «сөз берметтерине» сиңирип, накыл кептерди, макал, лакаптарды жаратышкан.

Мен үчүн кыргызмын деген сөз, бул биринчиден, кыргыз тилин билем же болбосо, кыргыз тилин үйрөнүүгө ниетим бар деген түшүнүктү билдирет. Кыргыздарда “Эне тили болбой, эл болбойт” деген макал бар. Азыркы учурда кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн түрдүү булактар бар жана БААУ студенти катары, айрыкча орус тилинде окуп жатканым үчүн мен кыргыз тилин 2 семестр бою алдым. Кыргыз тил курсу бул бир гана тил үйрөнүү курсу эмес, андан сырткары бул кыргыздардын маданиятын, салттарын, дүйнөгө болгон көз карашын, тарыхын жана адабиятын үйрөнүү курсу болуп эсептелет. Курс учурунда кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн күрөшкөн белгилүү адамдардар менен көрүштүк. Тил тарых менен байланышы болгон үчүн биз тарых музейине барып, байыркы доордон бери колдонулуп келген буюмдарды жана кыргыздардын тарыхы боюнча лекция угуп келдик жана негизинен, кыргыз тил курсу окуучунун тилге болгон кызыгуусун арттырып, келечекте тилдин жогору даражада билүүсүнө өбөлгө түзөт.

БААУде кыргыз тил сабагынын өзгөчөлүгүнүн бири катары, менин оюмча, айтып кете турган нерсе бул кыргыз тилин кеңири программадагы сабак катары берилишин көрсөтсөк болот. Мисалга алсак, орус, немис, англис тилдерин үйрөнүү курстарында бир гана тилдин өзүн же болбосо кыскача маалымдама менен үйрөтүлөт. БААУде кыргыз тилин бардык студенттери алууга тийиш. Бирок, эгерде студент кыргыз мектепти бүтүп келген болсо, ал орус тилин алат. Кыргыз тил майрамын бул жерде ар жылы белгилейбиз, ар жылы өзгөчө кызыктуу болуп өтөт. Бул күнгө арнап ар кандай конкурстар жарыяланат. Мен да бул конкурска катышып, биздин группа биринчи орунду алганбыз. Кыргыз тилин өнүктүрүү жана актуалдуу болуусуна бизде көптөгөн иш-аракеттер жасалат. Мисалы, ошол эле студеннтердин демилгеси менен ачылган «Кыргыз тил клубун» атйсак болот. Клубда негизинен кыргыз тилин өнүгүүсү тууралуу талкуулар жүрөт: эмне үчүн бул тилде жаштар арасында сүйлөө актуалдуу эмес; бул суроону кандайча чечсе болот жана кыргыз жараны үчүн бир идеология түзүү маселелери каралат. Бир идеология, дүйнөгө болгон бир көз караш болбосо, бир багытта өнүгүү кыйын. Андан кийин гана аны жайылтып, көздөгөн максаттарга жетүү жолу тездеттирилет деп ойлойм.

0 0
Отвечает нейросеть ChatGpt. Будьте внимательны, ответы нейросети могут содержать ошибочные или выдуманные данные.

Конечно, я готов помочь вам написать эссе на тему "Кыргыз тилим - улуу тилим" (Кыргызский язык - великий язык). Давайте разберемся, как можно структурировать ваше эссе.

1. Введение: - Введение должно привлечь внимание читателя и обозначить тему эссе. - Можно начать с краткого введения в историю и значимость кыргызского языка для национальной идентичности.

2. История и развитие кыргызского языка: - Опишите историю становления языка от его первых проявлений до современности. - Расскажите о влиянии других языков и культур на формирование кыргызского языка. - Укажите на ключевые этапы развития и изменения в языке.

3. Уникальные черты кыргызского языка: - Подчеркните уникальные особенности грамматики, лексики и фонетики кыргызского языка. - Обсудите, как эти особенности отражают культурные и исторические аспекты кыргызского народа.

4. Язык и национальная идентичность: - Расскажите, как кыргызский язык играет роль в формировании и поддержании национальной идентичности. - Обсудите, как язык связан с традициями, обычаями и ценностями кыргызского общества.

5. Современное состояние и вызовы: - Опишите текущее состояние кыргызского языка, его использование в повседневной жизни, образовании и массовой культуре. - Выделите вызовы, с которыми сталкивается кыргызский язык в современном мире, такие как влияние мировых языков и технологий.

6. Заключение: - Подведите итоги, подчеркнув важность и уникальность кыргызского языка. - В заключении также можно выразить надежду на дальнейшее укрепление и развитие кыргызского языка.

7. Библиография (по желанию): - Если у вас есть источники, которые вы использовали при написании эссе, укажите их в библиографии.

Обратите внимание, что эссе должно быть структурированным, логичным и содержательным. Вы можете дополнить каждую секцию примерами или цитатами для поддержки ваших утверждений. Удачи в написании эссе!

0 0

Похожие вопросы

Топ вопросов за вчера в категории Кыргыз тили

Последние заданные вопросы в категории Кыргыз тили

Задать вопрос