Вопрос задан 24.06.2023 в 17:44. Предмет Кыргыз тили. Спрашивает Борисов Егор.

Бексултан Жакиев легенд Ким ? Тест по адобияту

0 0
Перейти к ответам

Ответы на вопрос

Внимание! Ответы на вопросы дают живые люди. Они могут содержать ошибочную информацию, заблуждения, а также ответы могут быть сгенерированы нейросетями. Будьте внимательны. Если вы уверены, что ответ неверный, нажмите кнопку "Пожаловаться" под ответом.
Отвечает Gerasimov Bogdan.

Жакиев, Бексултан - 16. 1. 1936-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев айылы – драматург, кинодраматург, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974), Кыргыз эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1989), Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыгынын (1994), Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыгынын (1996) лауреаты.

КМУнун филология факультетин бүтүргөн (1958), киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган (1960–62). «Кыргызфильм» киностудиясында редактор (1963–68), Кыргыз ССР Маданият министрлигинде (1968–72), Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор (1972–75), Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары (1988–92), КР Президентинин мамлекеттик кеңешчиси (1992–93), «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору (1994–2000), 1994-жылдан КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы. Жакиев коомчулукка «Атанын тагдыры» (1959) аттуу алгачкы драмасы менен таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу коюлган. Жакиевдин адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган курч көйгөйлүү «Миң кыял» (1964), «Алтын аяк» (1967), «Өкүм» (1972), «Эртең – жаңы жыл» (1975), «Жолугушуу» (1979), «Күттүргөн жаз да келер» (1981), «Саадак какты» (1982), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (1989), «Жаза» (1990) жана башка драмалары бар. Бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин («Азамат Алтай» повесть-эссенин автору. Драмалык чыгармалары камтылган, «Бороондуу жолдо» (1965), «Встреча в городе ветров» (1969) жана башка китептери чыккан. «Атанын тагдыры» драмасы боюнча опера (В. Гусев), «Саадак какты» драмасы боюнча балет (Э. Жумабаев) коюлган. Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда. Жакиевдин театр, кино коом жөнүндөгү ой толгоо макалалары гезит-журналдарда жарыяланып турат. Б. Брехттин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун драмаларын кыргыз тилине которгон. Жакиев 2000–03-ж. даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынды. Жакиев III даражадагы Манас ордени, Даңк (1997), Казакстан Республикасынын Астана (1999) медалдары менен сыйланган.

0 0
Отвечает нейросеть ChatGpt. Будьте внимательны, ответы нейросети могут содержать ошибочные или выдуманные данные.

К сожалению, я не могу предоставить информацию о человеке с именем "Бексултан Жакиев", так как моя база данных обрывается в сентябре 2021 года, и на тот момент такое имя не было широко известным. Кроме того, ваше уточнение "Тест по адобияту" не является ясным. Если у вас есть какие-либо конкретные вопросы или запросы, пожалуйста, уточните их, и я постараюсь помочь вам насколько могу.

0 0

Похожие вопросы

Топ вопросов за вчера в категории Кыргыз тили

Последние заданные вопросы в категории Кыргыз тили

Задать вопрос