Вопрос задан 06.10.2023 в 16:44. Предмет Кыргыз тили. Спрашивает Бураков Кирилл.

Ажал менен Ар-намыс эссе

0 0
Перейти к ответам

Ответы на вопрос

Внимание! Ответы на вопросы дают живые люди. Они могут содержать ошибочную информацию, заблуждения, а также ответы могут быть сгенерированы нейросетями. Будьте внимательны. Если вы уверены, что ответ неверный, нажмите кнопку "Пожаловаться" под ответом.
Отвечает Рикудов Александр.
Карагай көккө тирелген
Калың чер токой арасы,
Карайып түтүн уюган
Кан жүргөн уруш талаасы...

Жамгырдай октор төгүлүп,
Замбирек кулак тундурат,
Мурунку кездей нур чачпай
Муңайып карап күн турат.

Булбулдар кончу кайыңдын
Бутагы окко тонолгон,
Шылдырап аккан тунук суу
Кызарып канга боелгон.

Араба менен ат кыйрап,
Тамыры менен бак кыйрап,
Кадимдеп балбан кара жер
Кайгырып, боздоп жатты
ыйлап...

Алтын жаш чөктү көлүнө
Агылган суудай канынын,
Ай бети кара так болду
Алпештеп сүйгөн жарынын...

Ызы-чуу ушул кыргында
Ышкырып Ажал бийледи,
"Өмүрдө колдо өкчөгөн
Өзүмдөн күчтүү ким?" деди.

Жайкалып турган көк шибер
Жамгырсыз өчүп солгондой,
Кыйла жан кыйрап сулады
Кыямат кайым болгондой...

Айлана муңга майышып
Алсырап турду бул күнү,
Араны жүрүп ажалдын
Адамдын башын мүлжүдү...

Дөбөдөй болгон бир танка,
Гранат тийсе былк этпейт,
Мөндүрдөй жаап ок барса
Мөгдөбөйт, түтүн бурк этпейт.

Окопту кардай жиреди
Акырын жылып алдыга,
Кыйратпай муну соо койсо
Кыргынды душман салды да...

Белине беш чоң гранат
Белсенип Жапар байлады,
Шарылдап ташып кайраты
Шакардай болуп кайнады.

Сол колу менен бек кысып:
"Эмилбек эсен жүр" деди.
Алыска сапар кетчүдөй
Акыркы сөзүн сүйлөдү:

"Кайрылып эсен эл көрсөң
Карыга, жашка салам, де!
Кубарган чөлдө калк үчүн
Курмандык болду балаң" де.

–Бактынын балын бир соргон
Барына салам айта көр,
Жапаны тартып күйбөсүн
Жарыма салам айта көр!

Аркамда калды үч бала,
Атайлап барып көрүп кой,
"Байкуштан калган туяк" деп
Маңдайын сылап өөп кой.

Жан алгыч сындуу душмандан
Жалтанып кантип качайын,
Алпештеп шордуу энекем
Намыска тууса атайын,
Жашынып жатып өлгүчө
Жаздыгым ала жатайын...

Эмилбек ыйлап турган соң
Эчкирип көп сөз айтпады,
Ажылдап келген танканын
Алдына боюн таштады...

Зеңирдей калың чоюнга
Денеси барып урунду,
Жаңыртып көктү, жер термеп,
Жарылган үнү угулду...

Башчысы ушул танка экен
Башкалар качып бурулду,
Жалпыңа кыргыз ракмат,
Жараткан ушул уулду!..

Сагалап турган шум Ажал
Саргайып өңү тунарды,
Ар-Намыс сүрүп өкүмдү
Ааламга үнүн чыгарды:

–Желпинип, Ажал, мактанба
Жеңбейсиң асты буларды.
Бүлбүлдөп өчкөн жалындай
Бүрүшүп Ажал кубарды...

Чыңалган көп кол көрүндү
Чыгыштан сүйрөп замбирек,
Астында аты шамалдай,
Осетин учуп ал келет,
Кылычы күнгө чагылып,
Кыйкырган далай жан келет...

Сабалап акын келатты
Сакалы жерге таралып,
Жабыгып турду Эмилбек
Жаш эмес көздөн кан агып...

Осетин ыргып атынан:
"Ардагым Жапар кайда?"
дейт,
Кансырап турган Эмилбек:
"Кайрылгыс сапар жайда"
дейт.

"Кыямат кетти кылчайбай
Кыргыздын тоолук берени,
Талканы чыккан танканын
Таманын барып көрөлү...

Эмилбек сүйөп колтуктап
Эңкейип акын көрдү эле,
Эшилген турпак, кочкул кан
Эр Жапар шердин сөөгү эле.

Күйүткө батып кең дүйнө
Күн бети муңдуу түнөрдү...

"Көксөгөн жанды кубантып
Көрөм деп келсем силерди,
Уясы калып, өзү жок
Учурдук Жапар беренди".

Мурутун булкуп карт акын
Буркурап ыйлап жиберди...

0 0
Отвечает нейросеть ChatGpt. Будьте внимательны, ответы нейросети могут содержать ошибочные или выдуманные данные.

Ажал менен ар-намыс айырмашылыктарынын биринчи эссеси менен баштапкы жана мамиле барылышты жаңы ар-намыс түрүндөгү максат менен башкаруу үчүн, ар-намыс жок болгон жерлер менен суур-багытты иштейт. Бул эссе катары менен ар-намыс жашоонун практикалык жарактуу курстарда окутууга чакыр. Энциклопедиялар, ар-намыс судорлору менен байланыштырмалуу жатат.

Ар-намыс, чалкышты болоруу мааданы менен камсыз эмес, анын жана абалы менен талкууланган жатат. Мамлекеттин бир жерине жана жеке өмүрдүкке көбүрөөк кийинчи тапшырылуу болуп саналат. Бул эссе жаңы ар-намыс жашоону, бир жүзүмүздүн айырым жерлериндеги кемчилерге жетишкен жайылымдуу болушунун мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт.

Ар-намыс боюнча эле саякатчылар менен алардын кимде жатканын билүү керек, ар-намыстын жаруу боюнча көңүл билиш керек жана ар-намыс менен иштейткен жактык көмөк көрсөтүү жерлери табууга жардам берүү мүмкүн.

Кийинки эсседе жаны ар-намыстын айырым жерлеринде жайылымдуу жашоо менен ким эмес кийинчи тапшыруунун ким менен алардын жана ар-намыстын максаттарынын айырымдыктыгын башкарууга жардам бериш жакшы болот.

Эсседе ар-намыс жашоону башкаруу менен мамлекеттик жагдай менен туура келиши жана ар-намыстын тармактык маадандыкты багытта алаттыгын аныктоо мүмкүн. Кыргызстан жана башкалардагы ар-намыс жашоону менен камсыздандыруу таараптарына каршы келише мүмкүнчүлүктөрдү текшерүү жана маалыматты акырында берүү керек.

Башкаруу менен мамлекеттин жолунда бир түрү менен билүү менен жана маалыматты жакшы иштейтүү менен тапшырылуу курстарда ар-намыс менен жүрүштүүдүн практикасы менен кыймылданган болгон болгону мүмкүн. Биринчи эссе менен кайталанган кыймылданган суур-багыт менен кийинким эсселерде ар-намыстын башкаруу менен кийинчи тапшыруу менен камсыздандыруу аспекттери жакшы аныкталат.

0 0

Похожие вопросы

Топ вопросов за вчера в категории Кыргыз тили

Последние заданные вопросы в категории Кыргыз тили

Задать вопрос